мирбек атабеков суранамын кечир мени текст - и многое другое для вас на funnysongs.ru

Мотив Суранамын, кечир мени minus, авторство Мирбек Атабеков.

Оценки: 0

Музыкант или группа: Мирбек Атабеков

Песня называется: Суранамын, кечир мени (minus)

Продолжительность mp3 записи: 03:44

Когда добавлен: 2015-03-03

Текст просмотрели: 588


Скачать
Полный список песен автора Мирбек Атабеков
Текст произведения:

Азгырылып, сезим менен ойноп,
Айрылдым өзүңдөн,
Биздин сүйүүбүздү жомоктой ойлоп.
Сага жагыш үчүн издөө айла,
Жалган айтып, алдадым,
Сени жоготуудан коркуп анда.

Кайырма 1:
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың.
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп, жанып, кеттиң алыс,
Сенсиз калдым эми жалгыз!

Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүрөк салдың,
Жалын болуп күйүп жаным,
Күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди,
Сагынычка эзбей эми,
Келчи деги,
Суранамын, кечир мени!

Алоолонуп жүрөк кезип кайра,
Ар дайым эсимде,
Ал күндөрүм менин соолубас дайра.
Эми сезимдерим издөө айла,
Жалгыздыкка кезигем,
Сенин "Сүйөм" - деген сөзүң кайда?

Кайырма 2:
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың.
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп, жанып, кеттиң алыс,
Эми сенсиз калдым жалгыз!

Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүрөк салдың,
Жалын болуп күйүп жаным,
Күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди,
Сагынычка эзбей эми,
Келчи деги,
Суранамын, кечир мени!

Суранамын, кечир, суранамын!
Кубанычым болуп,
Кучагыма толуп, кайрылсаңчы,
Сар-санаага алдырбай,
Аясыңчы мени жалгыз калтырбай!
Суранамын, кечир мени!

Смотреть видео
Мирбек Атабеков "Суранамын кечир мени
Комментарии (0)
Поделиться мнением



Проверка на ботов: